Радио

Лицей, колледждерде көбүнесе улуу курактагы мугалимдер иштейт

Билим берүү жана илим министрлигинин жогорку, орто кесиптик жана жогорку окуу жайдан кийинки билим берүү башкармалыгынын башкы адиси Төөлөсбай Абылкасымов кесиптик орто билим берүү колледждеринде талапка жооп берген окуу куралдары жокко эсе экендигин айтты.
Sputnik
Кыргызстандагы кесиптик лицей, колледждерде көбүнесе орто муундан жогорку курактагы мугалимдер иштейт. Бүгүнкү убакта педагогдордун квалификациясын жогорулатуу иштерине маани берилип жатат. Бул тууралуу Төөлөсбай Абылкасымов Sputnik Кыргызстан радиосунун эфиринде маек куруп жатып билдирди.
Анын айтымында, эми колледждер бүтүрүүчүлөр менен тыгыз иш алып баруу программасын сунуштайт.
"Орто кесиптик билим берүү бизде аксап жатат. Анын бир катар факторлору бар. Алсак, кесиптик орто билим берүү колледждеринде талапка жооп берген окуу куралдары жокко эсе. Ал жерлерде көбүнесе орто муундан жогорку курактагы мугалимдер иштейт. Маселени чечүү максатында педагогдордун квалификациясын жогорулатуу иштерине маани берилип жатат. Жаңы технологияларды колдонуп, жогорку категориядагы адистерди даярдоо да кыйын болуп турат. Өкмөт эми колледждердин рейтингин аныктап, шарт түзүп, атаандаштык негизинде өнүктүрүү иштерин баштап жатат", — деди Абылкасымов.
Ошондой эле адис кесиптик орто билим берүү окуу жайларына өзүн-өзү камсыздап киреше табуу мүмкүнчүлүгү каралып жатканын кошумчалады.