Пресс-борбор

Бишкек боюнча электромобилдерди кубаттоочу түйүндөр иштей баштайт

Шаарда электромобилдердин саны өсүүдө, аларга тиешелүү шарт түзүү каралып жатат.
Sputnik
БИШКЕК, 13-июн. — Sputnik. Өнүктүрүү агенттиги инвесторлор менен биргеликте Бишкек боюнча электромобилдерди кубаттоочу түйүндөрдү ача турганын ведомствонун директору Курманбек Молдокулов билдирди.
Ал Sputnik Кыргызстан агенттигинин маалымат борборунда өткөн "Мэрия Бишкектин инфраструктурасын МЖӨ аркылуу кантип өнүктүрөт?" аттуу брифингге катышкан.
"Электромобили бар шаардыктар унаасын кубаттап жаткан учурда токтотмону акысыз пайдалана алат", — деди Молдокулов.
Ал долбоор ушул жылы ишке ашарын белгиледи, азыркы тапта түзүлүштөр орнотулуп жатат. Бишкек мэриясына караган токтотмо жайгашкан Киев көчөсүндө эки кубаттоочу түзүлүш бар.
Пресс-борбор
Бишкекте таштанды челектерден акыр-чикирди ташып кеткендерге иш козголот