Пресс-борбор

ЕАӨБ Бишкекте таштандыны кайра иштетүүчү завод курууга жардам берет

Заводдо отургучтарды жана RDF-отунун чыгаруу пландалууда.
Sputnik
БИШКЕК, 13-июн. — Sputnik. Евразия өнүктүрүү банкы (ЕАӨБ) Бишкекте таштандыны кайра иштетүүчү завод курууга жардам берүүнү ниет кылып жатат. Бул тууралуу Бишкекти өнүктүрүү жана инвестиция тартуу агенттигинин директору Курманбек Молдокулов билдирди.
Ал Sputnik Кыргызстан агенттигинин маалымат борборунда өткөн "Мэрия Бишкектин инфраструктурасын МЖӨ аркылуу кантип өнүктүрөт" аттуу брифингге катышты.
Анын айтымына караганда, бул долбоор "жашыл" экология жана калаадагы экологиялык көйгөйлөрдү жоюу маселесине тиешелүү болгондуктан ЕАӨБдүн кызыгуусун жараткан. Банк техникалык-экономикалык негиздемени (ТЭН) колдоп 500 миң доллар бөлүп берүүгө даяр. Мындан тышкары, ЕАӨБ инвесторлорго жеңилдетилген кредит берүүнү пландап жатат. Банк ТЭНди иштеп чыга турган компанияны конкурстук негизде тандап алат.
Молдокулов Жогорку Кеңештин депутаттары менен биргеликте таштанды боюнча мыйзамга өзгөртүүлөрдү киргизет. Ага ылайык, таштанды келечектеги заводго толук көлөмдө жетип турушу керек болот.
"Муниципалитеттин таштанды салган идиштеринин ичиндегилерге эч ким тийбеши керек. Эреже бузгандарга административдик чара көрүлүп, кылмыш жоопкерчилигине чейин тартылып, айып дагы салынат", — деди агенттиктин жетекчиси.
Ал ошондой эле завод 20га жакын продукциянын түрүн (отургучтар, RDF-отуну) чыгарарын айтты.
ЕАӨБ Бишкек мэриясына шаарды өнүктүрүүгө жардам берет