Бишкекте 6 жерде жаңы скважина казыла баштады

Күн ысыгандан бери борбор калаада суу көйгөйү курчуп, элдин нааразычылыгын жаратты.
Sputnik
БИШКЕК, 13-июн. — Sputnik. Бишкектин кургак жана суусу аз аймактарын мындан ары сугат суу менен камсыз кылуу үчүн шаарга жаңы алты скважина куруп, бургулоо пландалып жатканын мэрия билдирди.
Скважиналар пайда болчу аймактар:
Профсоюз — Нарвская;
Лев Толстой — Логвиненко;
Жайыл Баатыр — Чортеков;
Ахунбаев — Көк-Жаңгак;
Ауэзов — Анкара;
Театр гүл бакчасы.
"Учурда Профсоюз көчөсүндө жаңы скважинаны бургулоо иштери башталды, анын тереңдиги 120 метр, секундасына 17 литр суу чыгарат. Эми Профсоюз көчөсүнүн эки тарабына сугат суу толук жетип турат", — деп айтылат маалыматта.
Иштер "Бишкек суу чарба" муниципалдык ишканасынын кызматкерлери тарабынан улантылары белгиленди.
Бишкекте суу түтүк, канализацияны пайдаланууда эреже бузгандарга айып салынды