Кыргызстандын Аскердик доктринасынын жаңы долбоору сунушталды

Sputnik
БИШКЕК, 13-июн. — Sputnik. Коопсуздук кеңешинин жыйынында Кыргызстандын Аскердик доктринасынын жаңы долбоору сунушталды.
Куралдуу күчтөрдүн Генералдык штабынын жетекчиси Эрлис Тердикбаевдин айтымында, доктрина коргонуу мүнөзүндө, мамлекеттин аскер коопсуздугун камсыздоочу саясий, дипломатиялык, экономикалык, маалыматтык, аскердик жана башка чараларды көрүшү аркылуу ишке ашырылат. Негизги максат — аскердик чыр-чатактарды алдын алуу.
Долбоорду иштеп чыгууга себеп болгон факторлор:
жаңы Конституциянын жана улуттук коопсуздук боюнча концепциянын кабыл алынышы;
мамлекеттик түзүлүштүн кайрадан түзүлгөн системасы;
дүйнөдө жана Борбор Азиядагы аскердик-саясий абалдын өзгөрүшү;
өлкө коопсуздугуна келтирилүүчү коркунучтардын көбөйүшү.
Долбоордогу негизги бөлүктөр:
мамлекетке каршы аракеттерди алдын алуу;
аскердик саясаттын принциптери, коопсуздукту камсыздоо боюнча маселелер, чыр-чатак жана согуштук аракеттерге жол бербөө боюнча көрүлчү чаралар;
Куралдуу күчтөрдү башкаруу тартиби, аларды өнүктүрүүдөгү негизги маселелер;
Кыргызстандын мобилизациялык даярдыгы, мобилизациялык даярдыктын негиздери жана аскердик-экономикалык жаатта камсыздалышы.
Кыргызстандын аскердик саясатынын максаты:
тынч жашоо жана туруктуу өнүгүүгө шарт түзүү;
эгемендүүлүктү жана мамлекеттин бүтүндүгүн, мамлекеттик институттарды жана өлкө жарандарын аскердик кооптуулуктан коргоо;
агрессияга жол бербөө.
Тердикбаев Кыргызстан регионалдык маселелерди тынчтык жолу менен чечүүгө кызыкдар экенин белгиледи.
Генштаб жетекчиси эгемендүүлүк алгандан бери өлкөнүн Куралдуу күчтөрүнүн структурасы бир нече жолу өзгөрүп, курамы 50 пайызга чейин кыскарганын эскертти. Ал 2022-2023-жылдары жасалган реформанын жыйынтыгы менен күчтөрдүн саны көбөйүп, штаттык бирдик бөлүнгөнүнө токтолду. Тердикбаевдин айтымында, техника ремонттолуп, модернизацияланып, ок-дары сатып алынууда.
Ал шарт-жагдайга жараша доктрина жоболор менен толукталып, өзгөрүп турарын белгиледи.
Садыр Жапаров: Кыргызстан Борбор Азияда аналогу жок куралдарды сатып алды