Ташиев паспорту жок жүргөн 32 жаштагы жаранга документ тапшырды

Николай бала кезинде ата-энесинен ажырап, өзүнүн фамилиясын билбей калган. Архивдин жардамы менен өздүгүн тактоого мүмкүн болду.
Sputnik
БИШКЕК, 12-июн. — Sputnik. Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары, УКМК жетекчиси Камчыбек Ташиев паспорту жок жүргөн 32 жаштагы кыргызстандыкка документ тапшырды.
УКМКнын маалыматы боюнча, май айында соцтармакта Николай Дядькин аттуу жарандын Ташиевге кайрылуусу жарыяланган. Ал паспорт алууга көмөктөшүүнү өтүнгөн.
"Дядькин кайрылуусунда эч качан паспорт алып көрбөгөнүн айткан. Буга ата-энесинен эрте ажырап, чыныгы фамилиясын билбегени себеп эле", — деп айтылат маалыматта.
УКМК Дядькиндин өздүгүн тактоо боюнча бир катар чараларды көргөн. Архивдик материалдардын негизинде ал 1991-жылы Бишкекте туулган Казейкин Николай Николаевич болуп чыкты. Ата-энеси бала кезинде каза болуп калган. Азыр үй-бүлөлүү, бир кыздын атасы.
"2023-жылдын 12-июнунда Ташиев Казейкин Николайга ID-карта менен жалпы жарандык паспорт тапшырды", — деди ведомстводон.
Эскерте кетсек, бул Ташиев документ тапшырып жаткан биринчи учур эмес. Апрель айында УКМК жетекчиси үй-бүлөлүк оор абалдан улам паспорту жок жүргөн 33 жаштагы Максим Чернышёвго да документ тапшырган.
Максат айылында Ташиевдин катышуусунда 40 метрлик флагшток орнотулду