БИШКЕК, 12-июн. — Sputnik. Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров РФ лидери Владимир Путинди мамлекеттик майрам — Россия күнү менен куттуктады. Бул туурасында РФтин Кыргызстандагы элчилигинен кабарлашты.
Куттуктоодо тарыхый мурастар, маданият жана руханий баалуулуктар кыргыз-орус мамилелеринин мындан аркы өнүгүшүндө ар дайым негиз катары кызмат кылары белгиленген.
Кыргызстанда Россия күнү белгиленди. Бишкекте жана башка бир катар калааларда 11-12-июнда элдик көңүл ачуулар жана маданий акциялар өттү:
Бишктеги "Русская душа" фестивалында элдик жамааттар, Опера жана балет театрынын, Орус драма театрынын, "Антре" цирк тобунун артисттери өнөрлөрүн тартуулашты. Жаш көрүүчүлөр үчүн байге коюлган викториналар болду;
Кыргыз-Россия Славян университетинде "Сувенир" деп аталган орус ырларынын концерти өттү;
Майрамдык иш-чаралар Кант, Кара-Балта шаарларында, Панфилов, Киров, Красная Речка жана Дмитриевка айылдарында уюштурулду.