Россия Кыргызстанга жардам берген жана аны улантат. Видео

Sputnik
БИШКЕК, 12-июн. — Sputnik. Россия Кыргызстанга ар дайым жардамга келет жана кызматташуунун алкагында жүз миңдеген доллар бөлгөн.
2020-жылдын июль айы Кыргызстандын тарыхында "каргашалуу июль" деген ат менен эсте калды. Эл коронавирустан массалык түрдө өлө баштады, ооруканаларда бош орун калбай, дары-дармек жетишпей, өпкөнү дем алдыруучу аппараттар, ал тургай медициналык бет каптар тартыш болду.
Мындай тартыштык учурунда Россия жардамга кол сунду. Атайын рейс менен РФ ӨКМинин учагы дары-дармек, өпкөнү дем алдыруучу аппарат, реаниматологдор үчүн медициналык жабдууларды алып келди.
Пандемияда Россия дары-дармектен сырткары азык-түлүк боюнча көмөк көрсөттү.
Учурда Кыргызстандын миңдеген окуучулары мектепте Россия бөлгөн каражаттын эсебинен тамактанып жатат.
Өлкө РФтен бензин, курулуш материалдарын, жер семирткич импорттойт, ал эми россиялыктар кыргызстандык тигүүчүлөрдүн колунан чыккан кийимдерди кийип, кыргыз жеринде өскөн жер-жемиш, жашылча менен азыктанат.
Бир жыл ичинде Россия Кыргызстандын экономикасына жүз миллион доллардан ашык акча инвестиция кылат.
Кыргызстан менен Россия ЕАЭБ, ЖККУ, КМШ жана ШКУнун курамындагы өлкөлөр.
12-июнда Россия күнү белгиленип келет.
"Росатом" Кыргызстанга рактан дарылоочу борбор ачууга жардам берет