Кара-Сууда аялды сүзүп, из суутуп кетти делген айдоочу кармалды

Кырсык мындан эки күн мурун болгон.
Sputnik
БИШКЕК, 12-июн. — Sputnik. Оштун Кара-Суу районундагы Алим-Төбө айылында аял кишинин өлүмүнө тиешеси бар делип Кадамжай районунун 30 жаштагы тургуну кармалды. Бул тууралуу Ош облустук милициясы билдирди.
Алдын ала маалымат боюнча, ал маркумду унаа менен сүзүп, окуя болгон жерден кетип калган. Бул боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 144-беренеси ("Коркунучта калтыруу") менен кылмыш иши козголгону айтылды.
Талаа аркылуу агып өткөн арыктын четинде жашы 50-55 чамасындагы азиат тектүү аялдын сөөгү жаткандыгы тууралуу маалымат Кара-Суу райондук ички иштер бөлүмүнө 10-июнь күнү эртең менен түшкөн. Окуя болгон жерге келген милиция кызматкерлери маркумдун Кара-Суу районунун 66 жаштагы тургуну экенин аныкташкан.
"Сырттан кароо жүргүзгөн учурда денесинде жаракаты бар экени байкалган. Тийиштүү экспертизалар жасалды. Шектүү Кара-Суу РИИБдин убактылуу кармоочу жайына киргизилип, Subaru Forester үлгүсүндөгү унаа айып короого токтотулду", — деп айтылат билдирүүдө.
Учурда тергөө иштери уланууда.
Сузакта чайхана өрттөнүп, эки киши каза болду. Сүрөттөр