Жаштар баңгизат менен кармалууда. Ош шаардык милициясы эскертүү берди

Милиция балдарды текшерүү үчүн баңгизат тууралуу эмнелерди билерин суроону сунуштады.
Sputnik
БИШКЕК, 12-июн. — Sputnik. Ош шаардык милициясы соңку убакта жаш эле балдар баңгизат менен кармалып жатканына байланыштуу ата-энелерге кайрылды.
1 / 3

Ош шаардык милициясы соңку убакта жаш эле балдар баңгизат менен кармалып жатканына байланыштуу ата-энелерге кайрылды

2 / 3

Ага ылайык, жакында эле синтетикалык баңгизат сатып жүргөн делип 22 жаштагы эки бала кармалган

3 / 3

Алар аймактарга тыюу салынган заттарды жөнөтүп, бир жерлерге бекитип жүргөн деп шектелүүдө

Ага ылайык, жакында эле синтетикалык баңгизат сатып жүргөн делип 22 жаштагы эки бала кармалган. Алар аймактарга тыюу салынган заттарды жөнөтүп, бир жерлерге бекитип жүргөн деп шектелүүдө.
Мындан улам милиция жаштардын жүрүм-турумуна көңүл бурууга чакырды:
балдарыӊарга көп көӊүл бөлүп, убакытты бирге өткөрүп, кулк-мүнөзүндөгү, баскан-турганындагы өзгөрүүлөрдү байкагыла;
айланасындагы досторунун ким экендигине кызыгыңыз;
баңгизат тууралуу эмнелерди билерин сураӊыз, билбесе анын зыяны тууралуу айтып бериӊиз;
баңгизат колдонууда мыйзам алдында жоопкерчилик бар экенин жана кесепети оор болорун эскертиңиз;
баланын жүрүм-туруму бузулбашы үчүн ата-эне, туугандары үйдөн үлгү болушу керек.
Бишкекке АКШдан баңгизат ташыган каналдын ишине бөгөт коюлду. Видео