Радио

Бишкектин борборунда "жашыл коридор" түзүлөт. Чоо-жайы

Бишкек троллейбус башкармалыгынын башчысы Талант Капаров шаарга электробустарды алып келүү үчүн инфраструктура түзүлүп жатканын белгиледи.
Sputnik
Бишкектин борборунда "жашыл коридор" түзүлөт. Анда коомдук транспорттон электробус жана велосипед менен жүрүүгө уруксат берүү пландалууда. Бул тууралуу Талант Капаров Sputnik Кыргызстан радиосуна маек куруп жатып билдирди.
Анын айтымында, тийиштүү компонентти камтыган долбоордун келишими 2022-жылдын 2-ноябрында түзүлгөн.
"Азия өнүктүрүү банкы тарабынан 120 электробус сатып алуу үчүн 50 миллион 650 миң доллар бөлүнгөн. Анын 25 миллиону кредит, калганы грант түрүндө алынды. Аталган долбоор төрт компоненттен туруп, анын алкагында 120 электробус, бир эвакуатор, 85 кубаттоочу аппарат алуу каралган. Мындан тышкары, автобустар электр менен жүргөндүктөн депонун инфраструктурасы модернизацияланат. Мунун ичинен 70 электробус 2023-жылдын төртүнчү кварталында же 2024-жылдын биринчи кварталында келет. Калганы 17 айдын ичинде келиши керек. Ошондой эле пилоттук "жашыл коридор" түзүү каралган. Ал Киев менен Ибраимов көчөлөрүнүн кесилишинен "Ош" базарына чейин уланат. Аталган бөлүктө жол, аялдамалар, велосипед жана жөө адамдардын жүрүшү үчүн тротуарлар оңдолот. Негизинен сейилдей турган көчө болуп, коомдук транспорт үчүн атайын тилке бөлүнөт, — деди Капаров.
Ошондой эле ал "жашыл коридорду" уюштуруу үчүн тийиштүү схемалар даяр экенин кошумчалады.