Улуттук драма театры 96-сезонун "Төлгө" менен жабат

Жаңы спектаклдин премьерасы үч күн катары менен тартууланат.
Sputnik
БИШКЕК, 12-июн. — Sputnik. Токтоболот Абдумомунов атындагы Кыргыз улуттук академиялык драма театры 20-июнь күнү 96-сезонун расмий жаба турганын билдирди.
Бул күнү театр сүйүүчүлөрүнө Жалил Садыковдун "Төлгө" спектакли тартууланмакчы.
Ал эми ага чейин, 16-17-18-июнь күндөрү, Чыңгыз Айтматовдун калемине таандык "Кызыл жоолук жалжалым" повестинин негизинде коюлган "Ашуу" спектаклинин премьерасы болот.
Театр күзүндө кайрадан күйөрмандар менен жолугарын кошумчалады.
Бишкекте ТҮРКСОЙ уюмунун 30 жылдыгына карата маданият күндөрү өтөт