Чүйдө катуу сабалган өспүрүм. Шектүү камакка калынды

Sputnik
БИШКЕК, 12-июн. — Sputnik. Милиция Васильевка айылында 16 жаштагы мектеп окуучусун мыкаачылык менен сабоого шектелген адамды убактылуу кармоочу жайга киргизди. Бул тууралуу Чүй ОИИББ билдирди.
Алгач сабалган бала менен тең курактагы окуучу милицияга жеткирилип, кийин тышка чыкпоо жөнүндөгү тил каттын негизинде кое берилген. Факт боюнча Кылмыш-жаза кодексинин "Бейбаштык" беренеси боюнча иш козголду.
Окуянын видеосу интернетке тарагандан кийин резонанс жаралды. Жергиликтүү тургундарды айрыкча жергиликтүү оорукананын дарыгеринин аракети ызалантты. Видеодон көрүнүп тургандай, дарыгер жерде кыймылсыз жаткан өспүрүмдү көрүп туруп жардам бербестен машинасына отуруп кетип калган. Ал кийин иштен алынды. жабырлануучуну аны сабап салган бала менен дагы бир киши көтөрүп кеткен.
Сузакта акча алмаштырабыз деп 2,7 млн. сомду карактап кеткендер кармалды