БИШКЕК, 12-июн. — Sputnik. Учурда мөңгү эрип, дарыялар сууга толгондуктан Бишкек шаарындагы газон, парктар сугарылып баштады. Бул тууралуу борбор калаанын вице-мэри Жыргалбек Шамыралиев айтты.
"...Мөңгү эрип, дарыялар толууда. Учурда газондор, бактар сууну кеңири алып жатат. Бул суу менен Ленин райондук парк, скверлери сугарылууда. Ушул эле суунун бир бөлүгү "Ынтымак" паркына, андан ылдый "Ататүрк" паркына барат. Аламүдүн суусу менен Дайыр Асанов, Байтик баатыр атындагы парктар сугарылат. Андан сырткары башка аймактарга да жайылат", — деп айтып берген ал видео комментарийинде.
Бишкекте бир нече күн мурда ичүүчү суу маселеси жаралып, бир катар конуштардын сууну күтө берип жадаган элдин бир бөлүгү нааразылыгын билдирген.
Ал эми тиешелүү мекемелер элди сууну сарамжалдуу пайдаланууга чакырууда.