Радио

Психолог: адамга баарлашуу жетишпегенде виртуалдуу жашоо кызык боло баштайт

Психолог Шолпан Мамытова эмне себептен барган сайын адамдар виртуалдуу жашоого көбүрөөк кызыгып бара жатканынын бир себебин айтты.
Sputnik
Адам табиятынан баарлашууга муктаж. Бул нерсе жетишпей жаткандардын көбү социалдык тармактарга берилип жатканын Шолпан Мамытова Sputnik Кыргызстан радиосунун эфиринде маек куруп жатып билдирди.
Анын айтымында, ар бир адам үчүн ичиндеги ойлорун сыртка чыгарып туруу маанилүү.
"Эмне себептен барган сайын көпчүлүккө виртуалдуу жашоо кызык болуп бара жатат? Анткени, тилекке каршы, бүгүнкү күндө дүйнө жүзүндөгү адамдардын көбүнө баарлашуу жетишпей келет. Жакындары менен дайыма сүйлөшүп, конокко барып, конок чакырып турган адам интернеттен алысыраак болот. Кечке телефон менен отурган адам ичиндеги ойлору менен бөлүшө албай кыйналат. Ал эми адам баласы табиятынан баарлашууга муктаж болуп жаралган. Ага канааттангандарга экран аркасындагы жашоо кызыксыз. Чыгармачыл инсандардын басымдуу бөлүгү ичиндеги башкаларга айта албаган сырларын, ойлорун чыгармасы аркылуу берет. Сүйлөө, ырдоо, бийлөө, сүрөт тартуу терапия болуп саналат", — деди психолог.
Ал баланын ичинде эмне болуп жатканын анын тарткан сүрөттөрүнөн билсе болорун жана бул ыкма психологияда көп колдонулуп келерин кошумчалады.