13-июнга карата аба ырайы

13-июнга караган түнү жаан-чачын күтүлбөйт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден күндүз айрым жерлерде 15-20 метрге жетет.
Sputnik
БИШКЕК, 12-июн. — Sputnik. Шейшембиде күндүз тоолуу райондордо өткүн өтүп, күн күркүрөшү, бийик тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт, дыйканчылык аймактарда күн ачык болот. Бул тууралуу Кыргызгидромет билдирди.
Абанын температурасы Чүйдө +30...+35, Талас аймагында +31...+36, Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарында +32...+37, Ысык-Көл чөлкөмүндө +25...+30, Нарын жергесинде +27...+32 градус ысык болот.
Күндүн табы борбор калаада +32...+34, Ош шаарында +33...+35, Чолпон-Атада +26...+28 градуска чейин көтөрүлөт.
КРде көп кабаттуу үйлөрдү куруу боюнча жобо иштелип чыкты. Урунттуу учурлары