БИШКЕК, 11-июн. — Sputnik. Президент Садыр Жапаров Казакстандын башчысы Касым-Жомарт Токаевге токой өртүнөн 14 кишинин көз жумушуна байланыштуу көңүл айтканын маалымат кызматы кабарлады.
"Урматтуу Касым-Жомарт Кемелевич, жалпы кыргыз элинин жана жеке өзүмдүн атымдан Казакстандын чыгышында күч алган токой өртүнүн кесепетинен адамдардын курман болгондугуна байланыштуу терең кайгыруу менен көңүл айтам. Каза болгон казакстандыктардын үй-бүлөсүнүн жана жакындарынын аза кайгысын тең бөлүшөм, бардык жабыр тарткандардын тезирээк сакайып кетишин каалайм", — деп айтылат телеграммада.
Казакстандын чыгыш тарабындагы Абай облусунда токой массивинде өрт чыккан. 8-июнь күнү өлкөнүн ӨКМи 0,3 гектар жер күйүп жатканын маалымдаган, бирок эртеси жалын 30 миң гектарга жайылып кеткен.
Акыркы маалымат боюнча, өрттү өчүрүүгө 1500дөй киши, 290дон ашуун техника тартылып, 1000 тонна суу колдонулду. Кырсыктан токой чарбасынын 14 кызматкери каза болгон. Буга чейин Токаев маркумдардын жакындары менен жолугуп, алардан кечирим сураган болчу.
12-июнь өлкө аймагында аза күтүү күнү деп жарыяланды.