Былтыр Кыргызстанга эки миллион турист келсе, быйыл 10 миллионго жетери күтүлүүдө

Быйыл өлкөгө 10 миллион туристтин келиши күтүлүүдө.
Sputnik
БИШКЕК, 11-июн. — Sputnik. 2022-жылы Кыргызстанда эс алган туристтердин саны 1,9 миллион адамды түздү. Алардын 62 пайыздан ашыгы Ысык-Көл облусуна туура келген. Бул тууралуу Улуттук статистика комитети билдирди.
Маалыматка ылайык, өткөн жылы 441 эс алуу мекемеси жана уюм туристтерди кабыл алган. Анын ичинде 182си адистештирилген жайгаштыруучу жай, 212 мейманкана, 11 жаратылыш паркы жана коруктар, 36 туристтик объект, 60 турфирма жана туроператорлор кызмат көрсөтүшкөн.
Ал эми Кыргызстандын 7,8 миң жараны туристтик фирмалар аркылуу башка өлкөлөргө, 3,7 миң кыргызстандык өлкө ичинде саякаттаган.
Быйыл Кыргызстанга 10 миллион турист келери күтүлүп жаткандыгын Туризм департаменти билдирди.
Радио
Кыргызстанда туризм тармагындагы адистер окутуудан өтөт