Акыркы эскертүүм! Садыр Жапаров мамлекеттик кызматкерлерге кайрылды

Президент коррупциялык иштерден алыс болууну айтты.
Sputnik
БИШКЕК, 11-июн. — Sputnik. Өлкө башчы Садыр Жапаров мамлекеттик кызматкерлерге кайрылып, жемкорлуктан алыс болууга чакырды.
Анын айтымында, 33 жылдан бери айрым кызматкерлер акчаны уурдап, тоноп келгени үчүн өлкө алдыга жылбай, өнүкпөй келди. Эми жаза дагы катаалдашат.
"Мен буга чейин дагы баарыңарга эскерткем, дагы да эскертем. Мындан ары уурдаган сумманы эки эсе эмес, 5-10 эселеп кайтарасыңар, түрмөдөн да чыкпайсыңар. Акыркы эскертүүм. Кийин эскертпедиң дебегиле", — деди Жапаров.
Президент "Тамчы" аэропортундагы эки аялдаманын 840 миң сомго курулуп, кийин прокуратуранын текшерүүсүнөн кийин аткаминерлер кармалганын мисал келтирди. Ал эми алардын ордуна жаңы аялдамалар 351 миң сомго салынганын билдирди.
Ошондой эле УКМК Талас шаарындагы балдар аянтчасы 4 миллион 880 миң сомго курулганын таап чыкканын эскертти. Учурда тиешелүү адамдар камалып, уурдалган акчалар мамлекетке кайтарылган.
"Урматтуу мамлекеттик кызматкерлер, акча уурдаштын мындай жолун токтоткула. Азыр эшикте 21-кылым. Бардык жактан материалдардын өздүк наркын билип, бир заматта эсептеп чыгып, уурулуктун бетин ачып коебуз", — деди Жапаров.
"Кыргыз көмүрдүн" Балыкчыдагы филиалынын жетекчи орун басары кармалды. Видео