Билими
1991-жылы Мураталы Күрөңкөев атындагы Кыргыз мамлекеттик музыкалык окуу жайын, 1993-жылы Бүбүсара Бейшеналиева атындагы Кыргыз мамлекеттик искусство институтун, ал эми 1997-жылы Калый Молдобасанов атындагы Кыргыз улуттук консерваториясын бүтүргөн.
1998-жылы Курмангазы атындагы Казакстан мамлекеттик консерваториясынын аспирантура бөлүмүнө тапшырган.
Иш тажрыйбасы
1999-2000-жылдары – Кыргыз улуттук консерваториясынын салттуу музыка жана фольклор кафедрасынын окутуучусу;
2004-жылы – өзү түптөгөн "Кыргыздын салттуу музыкасы" фондунун жетекчиси;
2008-2018-жж. – Кыргыз-түрк "Манас" университетинде доцент, профессор;
2006-жылы – искусство таануу илимдеринин кандидаты;
2017-жылы – искусство таануу илимдеринин доктору.
Чыгармачылыгы
Роза Аманова элге алгач дастанчы катары таанылды. 1990-жылы "Биз элдик таланттарды издейбиз" аттуу конкурста "Өрүк комуз" дастанын (сөзү Акбар Рыскуловдуку, обону Кожакмат Абдыралиевдики) аткарып баш байгени жеңип алган. Кийин "Курманбек", "Олжобай менен Кишимжан" эпосторун ийине жеткире иштеп чыгып, угармандарына тартуулаган.
Ал — көптөгөн обондордун да ("Ала-Тоо көрккө келбейт эл болбосо", "Ооган ыйы", "Насаат ыр", "Мен сени сагынгым келет", "Ак куу", "Алматыга бараткан кыз" ж.б.) автору.
Музыка таануучу чет өлкөлүк фольклор ырчылары менен да тыгыз кызматташып, репертуарын түрк, казак, кытай элдеринин салттуу чыгармалары менен байытып келет.
Кыргыз элдик музыкасын кеңири жайылтуу үчүн түзгөн "Маржан" тобундагы шакирттери ар кандай фестиваль, кароо-сынактарга катышып турат.
Сыйлык-наамдары
1998-жылы – КР эмгек сиңирген артисти;
2009-жылы – Кыргыз Республикасынын эл артисти;
2011-жылы – Токтогул Сатылганов атындагы мамлекеттик сыйлыктын лауреаты.