Нуркамал Жетикашкаева — өмүр баяны

Кыргыз профессионал адабиятынын аялдар поэзиясынын баштоочусу, акын жана актриса Нуркамал Жетикашкаева 1918-жылы Сокулук районунун Жыламыш айылында туулган.
Sputnik
Чыгармачылык ишмердүүлүгү
Ал 1933-жылы рабфакты бүтүрүп, 1936-жылдан 1941-жылга чейин Москвадагы Луначарский атындагы ГИТИСте окуйт. Окууну бүткөндөн кийин алгач Кыргыз драма театрында иштеп, кийинчерээк Кыргыз ССР Илимдер академиясынын Тил, адабият жана тарых институтуна которулат.
Акындын алгачкы ырлары 1937-жылы жарык көргөн. 1941-жылы СССР жазуучулар союзунун мүчөлүгүнө кабыл алынат. 1949-жылы "Жанган жалын" поэмасы, 1953-жылы "Нуркамал" деген ат менен ырлар жана поэмалар жыйнагы (көзү өткөндөн кийин) жарык көрөт. 1958-жылы Москвада өткөн Кыргыз искусствосу менен адабиятынын 2-декадасына карата "Я – дочь Октября" деген ырлар жана поэмалар жыйнагы орусча басылып чыккан.
Нуркамал Жетикашкаева туулган жер, эмгек, достук, махабат жөнүндөгү ырларды жараткан. Улуу Ата Мекендик согуш жылдарында патриоттук темадагы ырлар менен поэмаларды, согуштан кийинки жылдары Кыргызстан эмгекчилеринин күжүрмөндүгүн даңазалаган чыгармаларды жазат. 1951-жылы тынчтыкты жактоочулардын Москвадагы III Бүткүл союздук конференциясына делегат болуп барган.
Үй-бүлөсү
Акындын жолдошу Өмүркул Жетикашкаев кыргыздын алгачкы режиссерлорунун бири эле. Экөө Москвада институтта бирге окуп жүргөндө таанышып, баш кошушкан. Жетикашкаев 1941-жылы согуш башталары менен чыгармачыл кызматкерлерге берилген бронду тапшырып өз ыктыяры менен майданга кеткен. Ал Кронштадтта баатырларча курман болгон.
Бир жашка толо элек уулу менен жесир калган келин кийин жазуучу Касымалы Жантөшевге турмушка чыгат. Кадыркулду Касымалы Жантөшев өз уулундай тарбиялап өстүрөт. Кадыркул Өмүркулов да ата-энесинин үмүтүн актап жазуучу, сценарист, кинодраматург катары таанылып, кыргыз искусствосуна бараандуу салым кошту.
Нуркамал Жетикашкаева 1952-жылы 34 жаш курагында каза болгон.
Анын ысымы Жыламыш айылындагы мектепке жана Бишкектеги көчөлөрдүн бирине берилген.
Токтогул ырчы — өмүр баяны