Көөнө Сөз

Талантбеков: "Манаста" бут кийимдин бир нече түрү сүрөттөлөт

"Манас" театрынын директорунун орун басары, манасчы Нурбек Талантбеков "Манас" эпосунда кездешкен көөнө сөздөрдүн бирин чечмелеп берди.
Sputnik
Манаста бут кийимди өтүк деп, анын бир нече түрү кездешет. Бул тууралуу Нурбек Талантбеков Sputnik Кыргызстан радиосунун "Көөнө сөз" рубрикасында билдирди.
Анын айтымында, учурда бут кийимдин түрлөрү көп, бирок аталыштары дээрлик чет тилдерден келип ыңгайлашкан.
"Манас" эпосунда "бут кийим" деген сөз өтүк деп колдонулат. Азыр өтүк бир гана бут кийимге таандык болуп калды. Алсак, эпосто "такасыз накыр өтүк" деген кездешет. Ал — такасы жок, түз болуп хандар, бектер, даражалуу адамдар үчүн асыл таштар менен кооздолгон бут кийим. Ошондой эле "зайпана" деген кездешет. Ал кооз маасынын бир түрү катары сыпатталат. Улуу баянда кең өтүк, соор өтүк деген сыяктуу бут кийимдин бир нече түрү бар", — деди Талантбеков.
Ошондой эле эпостогу сөздөрдү учурдагы заманга ылайыктап күнүмдүк турмушта колдонууга болорун кошумчалады.