Радио

"Бишкек суу канал": ар бир үйгө сууну өлчөгөн эсептегич коюш керек

"Бишкек суу канал" башкармалыгынын жетекчиси Таалайбек Орозов шаар тургундарын сууну үнөмдөөгө чакырды.
Sputnik
Тез арада Бишкектеги ар бир үйгө сууну өлчөгөн эсептегич коюу керектигин Таалайбек Орозов Sputnik Кыргызстан радиосунун эфиринде маек куруп жатып билдирди.
Анын айтымында, шаар тургундары сууну үнөмдүү пайдаланбагандыктан чектөө киргизилүүдө.
"Азыркы тапта бишкектиктер сууну нормадан беш эсе көп колдонуп жаткандыктан жакынкы аралыкта сууну өлчөгөн эсептегичтерди ар бир үйгө коюп чыгууга аргасыз болуп жатабыз. Негизи аны шаар тургундары өздөрү коюшу керек болчу. Бирок бул меселени мэрия менен биргеликте чечүүгө аракет кылуудабыз. Элден сууну сарамжалдуу пайдаланууну суранат элем. Анткени суу түтүктөрү аркылуу барган сууну алдыңкы жашоочулар көп колдонуп салганда, кийинки тургундарга барбай калып жатат. Ошондуктан өзүбүздү эле эмес, башкаларды да ойлоп койсок. Алар деле биздин досторубуз, туугандарыбыз. Мындан сырткары, Бишкектеги суу түтүктөрүнүн 70 пайызы эскилиги жеткен", — деди "Бишкек суу канал" башкармалыгынын жетекчиси.
Ал Бишкек шаары боюнча суу тартыштыгы эң көп жаралган аймак учурда Арча-Бешик конушу болуп жатканын кошумчалады.