Трамп: АКШ Украинанын айынан ок-дарысыз калды

Саясатчы эгер жеңишке жетишсе инаугурацияны күтпөй туруп бир сутканын ичинде Украинадагы жаңжалга чекит коерун белгиледи.
Sputnik
БИШКЕК, 11-июн. — Sputnik. АКШнын экс-президенти Дональд Трамп Украинанын айынан өлкө ок-дарысыз калганын билдирди. Бул тууралуу РИА Новости жазды.
Саясатчы Жоржия штатында республикачылардын алдында сүйлөгөн. Анын айтымында, азыркы президент Жо Байден украиналык "Бурисма" компаниясынын башында турган уулу Хантер Байден менен чогуу болуп, туугандык байланышын бизнес-долбоорлорун ишке ашыруу үчүн колдонуп келген деп шектелүүдө.
"Азыр бизде эч кандай ок-дары жок, баары Украинада. Мен куралдуу күчтөрдү ок-дары жетиштүү болуп тургудай кылып кайра түздүм эле. Абдан аз калыптыр. Баарыңар анын (Жо Байден — ред.) Украинадан ири көлөмдө акча алып жатканын көрүп жатасыңар да, кайра эмне үчүн жардам берип жатканыбызга таң каласыңар", — деди Трамп.
Ал эгер жеңишке жетишсе инаугурацияны күтпөй туруп 24 сааттын ичинде Украинадагы жаңжалга чекит коерун белгиледи.
"Мындай нерсени убадалаган жалгыз талапкермин. Үчүнчү дүйнөлүк согушка жол бербейм. Ал танк менен салгылашкан салттуу согуш болбойт... Өзөктүк согуш жүрөт, аалам жок болуп кетиши мүмкүн. Буга жол бербейм", — деди экс-президент.
Ал эми Пентагон Украинага курал жөнөтүү макулдашылып жатканда ички керектөө сөзсүз эске алынарын бир нече ирет айткан. Президент Байден уулунун ишмердүүлүгүнөн кабары болбогонун белгилеп келет.
Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы
G7 Зеленский үчүн "коопсуздук кепилдигин" жашыруун даярдап жатат