БИШКЕК, 10-июн. — Sputnik. Акула менен жолукканда дүрбөлөңгө түшпөңүз, бул аны коркутуп жиберет. Жырткыч күтүүсүз кол салган учурда гана ага каршы туруу керек. Мындай кеңешти РИА Новостиге Ломоносов атындагы Москва мамлекеттик университетинин география факультетинин мугалими, океанолог Сергей Мухаметов билдирди.
Россиянын Хургададагы Башкы консулдугу 8-июнда Египеттеги Dream Beach мейманканасынын аймагында россиялык жаранга акула кол салгандан кийин каза болгонун жарыялаган. Кийинчерээк РИА Новостинин Кызыл деңиз провинциясынын администрациясындагы ишенимдүү маалымат булагы аймактык бийлик бул шаардагы бардык пляждарды эки күнгө жабууга буйрук бергенин билдирди.
"Адам акула үчүн жем эмес, биз абдан арыкпыз, майыбыз аз. Эгер акуланы кол салганга чейин көрүп калсаңыз, ага карай бурулуп карап туруу керек. Сиз андан коркпоңуз, жырткыч муну сезип кол салууга батынбайт", — деди Мухаметов.
Ошол эле учурда адис белгилегендей, эгерде акула ага карабастан адамга кол салса, жырткычтын мурдуна жана көзүнө сокку уруу керек.
Суу алдында сүзүүдө колдонулган маска акуланы өз убагында байкап жана аны менен көзмө-көз тиктешүүгө жардам берет. Океанологдун айтымында, бул адамдын аман калуу мүмкүнчүлүгүн кескин жогорулатат.