Россия бензиндин экспортун азайтып жатканы расмий тастыкталды

Күйүүчү майдын биржадагы баасы өсүп жатканын рыноктук кырдаал катары түшүнүүгө болот.
Sputnik
БИШКЕК, 10-июн. — Sputnik. Россия бензиндин экспортун азайтып, ички рынокко көбүрөөк чыгарып жатат. Бул туурасында маалыматты РФтин Энергетика министрлиги тастыктаганын РИА Новости жазды.
Маалыматка ылайык, Аи-95 үлгүсүндөгү бензиндин биржадагы баасы өсүп жатканын рыноктук кырдаал катары түшүнүүгө болот. Анткени суроо-талап жогорулады.
Буга чейин "Коммерсант" гезити июндун алгачкы алты күнүндө майдын аягына салыштырмалуу бензиндин экспорту төрт эсеге, ал эми 2022-жылдын июнуна караганда эки эсе азайганын жазган.
"Ички рынок суроо-талаптагы бензин менен толук камсыздалган. Энергетика министрлиги кырдаалды көзөмөлдөп жатат", — деп айтылат маалыматта.
Аи-95 үлгүсүндөгү бензиндин баасы майдын орто ченинен тарта тынымсыз өсүп, бир нече ирет рекорддук көрсөткүчкө жеткен. Жума күнкү сооданын жыйынтыгында бир тоннасынын наркы 64 498 рублди түздү.
Нефтетрейдерлер ассоциациясы: жакынкы күндөрү бензин 3 сомго чейин кымбатташы мүмкүн