U17: Бишкектеги Азия чемпионатында 3 кыргызстандык балбан финалга чыкты

Финалдык беттештер саат 18:00дө башталат.
Sputnik
БИШКЕК, 10-июн. — Sputnik. Бүгүн, 10-июнда, "Бишкек-Арена" муз аянтчасында спорттук күрөш (грек-рим күрөшү, эркин күрөш, кыз-келиндер күрөшү) боюнча 17 жана 23 жаштагылар арасында (U17, U23) Азия чемпионаты старт алды.
1 / 3

Бүгүн, 10-июнда, "Бишкек-Арена" муз аянтчасында спорттук күрөш (грек-рим күрөшү, эркин күрөш, кыз-келиндер күрөшү) боюнча 17 жана 23 жаштагылар арасында (U17, U23) Азия чемпионаты старт алды

2 / 3

Мелдеш он салмактык категорияда өтүп, 60 комплект медаль ойнотулат. Жалпы 30дан ашык өлкөдөн 450дөй спортчу катышууда.

3 / 3

Бүгүн грек-рим күрөшү боюнча (U17) 45, 48, 51, 55, 60, 65, 71, 92 жана 110 килограмм салмак категориясында балбандар күч сынашууда

Мелдеш он салмактык категорияда өтүп, 60 комплект медаль ойнотулат. Жалпы 30дан ашык өлкөдөн 450дөй спортчу катышууда.
Бүгүн грек-рим күрөшү боюнча (U17) 45, 48, 51, 55, 60, 65, 71, 92 жана 110 килограмм салмак категориясында балбандар күч сынашууда.
Кыргызстан курама командасынан 3 балбан финалга чыкты. Алар: Марлен Абдысаматов, Ырысбек Хамдамов, Сабит Шамшединов. Ал эми Кубанычбек Аринов менен Таласбек Бообеков коло медаль үчүн күрөшөт.
Белгилей кетсек, мелдеш күн сайын саат 10:30да, финалдык беттештер саат 18:00дө башталат.
Эрназар балбан UWW версиясы боюнча дүйнөлүк рейтингде 1-орунга чыкты