Колумбиянын токоюна кулаган учакта аман калган 4 бала 40 күндөн кийин табылды

Учактын өзүн 11 күндөн кийин табышкан, балдардын апасы каза болуп калган.
Sputnik
БИШКЕК, 10-июн. — Sputnik. Колумбияда кулаган самолеттун ичинде калган төрт жүргүнчү баланы 40 күндөн кийин тирүү табышты. Бул туурасында өлкөнүн президенти Густаво Петро Twitter баракчасы аркылуу билдирди.
"Өлкөбүз үчүн кубанычтуу кабар! Колумбиянын жунглилеринде 40 күн мурда жоголгон төрт бала тирүү табылды", — деп жазган президент.
РИА Новости билдиргендей, 13, 9, 4 жаштагы жана 11 айлык балдар болгон. Аларды аскерлер менен ошол жакта жашаган адамдар табышкан.
Cessna 206 учагы 1-май күнү Бразилиянын Араракуара шаарынан Колумбиянын Сан Хосе Дель Гуавиар калаасына учуп баратып өлкөнүн түштүк тарабына жеткенде кыймылдаткычы иштебей калып кулаган. Самолетту 11 күндөн кийин издеп табышкан. Бортто учкучтун сөөгү болгону менен ичиндеги алты жүргүнчү (анын төртөө жаш балдар) кайда экени белгисиз болуп жаткан. Кийинчерээк эки адамдын сөөгү табылган, алар экинчи учкуч Герман Мендос менен балдардын апасы Магдалена Мукутуи болгон.
Түркияда уранды алдында 10 күн жаткан бала тирүү табылды