Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы

Киев жаңжал бүтмөйүнчө өлкө НАТОго мүчө болбой турганын моюнга алды

Владимир Зеленский өткөн жылдын сентябрында Украина НАТОго тездетилген негизде кирүү үчүн арыз берип жатканын жарыялаган.
Sputnik
БИШКЕК, 10-июн. — Sputnik. Владимир Зеленскийдин кеңсесинин башчысынын кеңешчиси Михаил Подоляк "Твиттерде" Украина жаңжал аяктаганга чейин НАТОго мүчө болбой турганын моюнга алып, бул темада спекуляция кылбоого чакырды. Бул тууралуу РИА Новости жазды.
"Аксиома. Согуш жүрүп жатканда Украина НАТОго мүчө боло албайт. Бирок ал НАТО стандартындагы курал-жарактын бардык спектрин алат... "Кантип, качан, эмне үчүн азыр эмес" деген спекуляциянын кереги жок..." — деп жазган Подоляк.
2022-жылдын сентябрынын аягында Зеленский Украина НАТОго тездетилген негизде кирүү үчүн арыз берип жатканын жарыялаган. Кийинчерээк АКШнын президентинин улуттук коопсуздук боюнча жардамчысы Джейк Салливан мындай процедураны жүргүзүү өз убагында эмес болгондугун айткан. Украинанын тышкы иштер министри Дмитрий Кулебанын айтымында, Украинаны НАТОнун июль айында Вильнюста өтүүчү саммитинин альянска кошулууга чакыруудан башка чечими канааттандырбайт.
Россия Украинаны демилитаризациялоо жана денацификациялоо боюнча атайын операциясын 24-февралда баштаган. Президент Владимир Путин анын максаты "сегиз жылдан бери Киев режими тарабынан геноцидге кабылган элди коргоо" экенин айткан.
Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы
Украинага Батыш берген согуштук техника четинен жок кылынууда. Видео