Бишкек менен Ысык-Көлдө Дүйнөлүк эпос айтуучулардын биринчи форуму өтөт

Иш-чарага алтай, башкыр, бурят, монгол, өзбек, тува, хакас жана якут элдеринин эпос айтуучулары келери күтүлүүдө.
Sputnik
БИШКЕК, 10-июн. — Sputnik. "Манас" улуттук академиясы эпос айтуучулук өнөрүнүн тарыхында алгачкы жолу Бүткүл дүйнөлүк эпос айтуучулардын биринчи форумун өткөрөт. Бул туурасында уюштуруучулар билдирди.
Маалыматка ылайык, форум Бишкек шаарында жана Ысык-Көл облусунун Ак-Суу районуна караштуу Жыргалаң айылында 15-июндан 18ине чейин болот. Ага алтай, башкыр, бурят, монгол, өзбек, тува, хакас жана якут элдеринин эпос айтуучулары келип, кыргыз манасчылары менен бирге айтуучулук өнөрдүн бүгүнкү коомдогу орду, милдети жана озуйпасы тууралуу ой бөлүшөт.
"Форумда эң оболу айтуучунун азыркы коомдогу орду, ролу жана келечеги талкууга алынат. Анткени эпосу жана айтуучусу бар ар бир элдин улуттук мүнөздөгү көйгөйлөрү бар. Аларды чечүүдө эпос да, анын айтуучусу да өзгөчө роль ойнойт. Ошондуктан ушул өңдүү суроолорубузду аныктап чечүү үчүн форум дүйнө элдеринин эпос айтуучулары менен таануучуларынын башын бириктирип, эл аралык уюм түзүү максатын көздөйт", — деп айтылат маалыматта.
Иш-чара илимий эмес, эркин диалог форматында өткөрүлөрү белгиленди. Ошондой эле кезектеги кароо-сынак же фестиваль катары да кабыл албоо керек, ар бир катышуучу өзүнүн ким экендигин (коомдогу функциясын) аныктап, өз элинин маданий иденттүүлүгүн сактоодо жана өнүктүрүүдөгү функциясынын орду канчалык экендигин ачыктай алат.
Москвада Кыргызстандын көргөзмөсү ачылды. Видео