Бишкекте ТҮРКСОЙ уюмунун 30 жылдыгына карата маданият күндөрү өтөт

Иш-чарага түрк дүйнөсүнүн 100дөн ашуун искусство чеберлери катышат.
Sputnik
БИШКЕК, 10-июн. — Sputnik. Бишкек шаарында үстүбүздөгү жылдын 12-13-июнь күндөрү ТҮРКСОЙ эл аралык уюмунун 30 жылдыгына карата маданият күндөрү өтөт. Бул тууралуу Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинен билдирди.
Ага ылайык, бул күндөрү өтө турган концерттик программага түрк дүйнөсүнүн жүздөн ашуун искусство чеберлери катышат.
Иш-чаралардын программасы:
12-июнь саат 14:00 — Гапар Айтиев атындагы Кыргыз улуттук көркөм сүрөт музейинде сүрөт көргөзмөсү;
12-июнь саат 15:00 — Алыкул Осмонов атындагы Кыргыз Республикасынын Улуттук китепканасында "ТҮРКСОЙ" эл аралык уюмуна мүчө мамлекеттердин жазуучуларынын китеп көргөзмөсү;
13-июнь — Токтогул Сатылганов атындагы Кыргыз улуттук филармониясында түрк дүйнөсүнүн улуттук кийимдеринин жана кол өнөрчүлөрүнүн көргөзмөсү, манас айтуу, гала-концерт өтөт.
ТҮРКСОЙ эл аралык уюму 1993-жылы Азербайжан, Казакстан, Кыргызстан, Өзбекстан, Түркмөнстан жана Түркиянын ортосундагы келишимдин негизинде түзүлгөн.
Россиялык "Миссия Добро" Кыргызстанда уланууда. Каалагандар кайрылса болот