Айтылуу "Ош" базары 40 жыл мурун кантип түптөлгөн. Архивдик сүрөттөр

Мындан 40 жыл мурун Бишкектеги "Ош" базары колдонууга берилген. Sputnik Кыргызстан агенттиги өзгөчө архитектуралык объектинин архивдик сүрөттөрүн сунуштайт.
Sputnik
Борбор калаадагы "Ош" базардын курулушу 1982-жылы башталып, бир жылдан кийин 4-июнда колдонууга берилген. Фрунзе шаарынын батыш тарабындагы жаңы базарды Оштон келген куруучулар салган. Ал Ала-Арча суусунун оң жээгинде беш гектар жерге жайгашып, алгач "Ала-Арча-Ош" базары деп аталган. Анын эт, жашылча, сүт азыктарын саткан бөлүмдөрү, ошондой эле чайкана, наабайкана, кампасы да болгон. Жаңы базарга цирктин жанындагы эски колхоз базарынын соодагерлери көчүрүлгөн. Учурда 40 жылдан бери иштеген базарда миңдеген адам эмгектенип, шаар тургундарына кызмат кылып келет.
1 / 16

"Ош" базардын курулушу 1982-жылы башталып, бир жылда бүткөн

2 / 16

Аны Оштон келген куруучу өзгөчө архитектуралык көркөмдүк менен салган

3 / 16

Базар жаңы салынганда кенен, таза, калаа тургундары үчүн ыңгайлуу эле

4 / 16

Курулушка оор техника тартылып, жергиликтүү тургундар салган

5 / 16

Соода комплекси беш гектар жерден орун алган

6 / 16

Базарда темир конструкциялар менен 500 соода орунга ылайыкталган жай салынган

7 / 16

Башында базар "Ала-Арча-Ош" деп расмий аталса, убакыттын өтүшү менен эл ичине "Ош" базар сиңип калды

8 / 16

Базардын салтанаттуу ачылышына Кыргызстан Коммунисттик партиясынын Борбордук комитетинин биринчи катчысы Турдакун Усубалиев өзү келген

9 / 16

Базарда кошумча объектилер да салынган. Комплексте чайкана, наабайкана, кампа, жер төлөлөрү болгон

10 / 16

Шаардын айланасындагы колхоз, дыйкандар жыйнаган түшүмүн базарга сатыкка чыгарып турган

11 / 16

90-жылдары ал базарда соода кылып, ортомчу болгондор тыйын табуунун түрдүү жолдорун өздөштүргөн

12 / 16

"Ош" базарда жүзүм саткан апа. Фрунзе шаары, 1983-жыл

13 / 16

Союз маалында базар таза, кенен, башкача эле

14 / 16

Кийин базардын түрү кетип, башаламан соода кылгандардын ордосуна айланган

15 / 16

Беш гектар аянтта жайгашкан базардын кейиштүү көрүнүшү. 2000-жылдардын башы

16 / 16

Азыр базарда миңдеген адам эмгектенип шаардыктарга кызмат кылып келет

Тема боюнча:
Кыргызстанды индустриялаштырган "Интергельпо". Сейрек архивдик сүрөттөр
Кемелер, жүк артылган төөлөр, кайыктагы эл. Ысык-Көлдөгү сейрек сүрөттөр