Анкарада ракета чыгарган заводдо жарылуу болуп 5 адам каза тапты

Жеринде соттук жана административдик иликтөө башталды.
Sputnik
БИШКЕК, 10-июн. — Sputnik. Анкарада ракета чыгарган заводдо жарылуу болуп, беш адам каза тапты. Бул туурасында Түркиянын Улуттук коргонуу министрлиги билдиргенин РИА Новости жазды.
Бүгүн эртең менен борбор калаанын Эльдамаг районунда ракета жана жарылуучу заттарды чыгарган MKE заводунда жарылуу болгон. Анын кесепетинен беш жумушчу көз жумганы айтылат.
Аталган факт боюнча соттук жана административдик иликтөө башталды.
Түндө Бишкекте ири өрт чыкты. Видео