Быйыл дыйкандар 3 миллиард сомго чукул арзандатылган насыя алды

Быйыл "Айыл чарбасын каржылоо — 11" долбооруна республикалык бюджеттен 3 миллиард сом каралган.
Sputnik
БИШКЕК, 10-июн. — Sputnik. Быйылкы жылдын 9-июнуна чейин "Айыл чарбасын каржылоо – 11" долбоорунун алкагында өсүмдүк өстүрүү категориясы боюнча 711 миллион 036 миң сомдук, мал чарбачылык категориясы боюнча 2 миллиард 145 миллион 550 миң сомдук жеңилдетилген кредит берилет. Бул тууралуу Айыл чарба министрлиги билдирди.
Аталган сумма 3 348 дыйканга бөлүндү.
Каражат төмөнкү банктар аркылуу берилди:
"Айыл банк" — 1 миллиард 411 миллион 748 миң сом;
"РСК банк" — 1 миллиард 444 миллион 838 миң сом.
Баса, бул жылы арзан кредит берүү шарттары өзгөргөн. Мурда элеттиктер каражатты жети банк аркылуу алып келсе, эми "Айыл банк" менен "РСК банктан" гана алууга мүмкүн болот. Ошондой эле мал чарбачылыгы жана өсүмдүк өстүрүү категорияларына эле берилет. Айыл чарба продукцияларын кайра иштетүүгө берүү токтотулган. Бул тармак кластердик долбоорлор аркылуу каралаары белгиленди.
Быйыл "Айыл чарбасын каржылоо — 11" долбооруна республикалык бюджеттен 3 миллиард сом каралган.
Радио
Азык-түлүктөгү антибиотиктерди толук аныктоого жол ачылды