11-июнга карата аба ырайы

11-июнда түнкүсүн республиканын дыйканчылык аймактарында жаан-чачын күтүлбөйт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет.
Sputnik
БИШКЕК, 10-июн. — Sputnik. Жекшембиде күндүз тоолуу райондордо өткүн өтүп, күн күркүрөшү мүмкүн. Бул тууралуу Кыргызгидромет билдирди.
Абанын температурасы Чүйдө +29…+34 ,Талас облусунда +28…+33, Ош, Жалал-Абад, Баткен аймактарында +33…+38, Ысык-Көл, Нарын өрөөндөрүндө +24…+29 градусту көрсөтөт.
Абанын табы Бишкекте +31…+33, Ош калаасында +36…+38, Чолпон-Атада +25…+27 градуска жетет.
Нормадан 1 градуска жогору... Июнда аба ырайы кандай болот?