Жыл башынан бери жол тармагына бюджеттен 4 млрд. сомдой бөлүндү

Жалпысынан быйылкы жылга 17,8 миллиард сом каралган.
Sputnik
БИШКЕК, 9-июн. — Sputnik. Үстүбүздөгү жылдын беш айында (январь-май) Транспорт жана коммуникация министрлигине республикалык бюджеттен 3,9 миллиард сом бөлүндү. Бул туурасында Финансы министрлиги билдирди.
Маалыматка ылайык, быйылкы жылга жалпысынан жол тармагына 17,8 миллиард сом каралган.
Аталган каражатка жол курулуш техникасын, битум сатып алуу, жолдорду асфальттоо, оңдоо жана куруу иштери жүргүзүлөрү айтылды.
Прокуратура: Ош — Баткен — Исфана жолун оңдоодо 189 млн. сом "желген"