Туризм тармагындагы адистер окутуудан өтүп, тиешелүү багыттар боюнча сертификатка ээ болот. Бул тууралуу Кыял Кенжематова Sputnik Кыргызстан радиосунун эфиринде маек куруп жатып билдирди.
Анын айтымында, өкмөт туризм багытындагы жерлердин аянтын көбөйтүп берсе, киреше табуу мүмкүнчүлүгү кеңеймек.
"Кыргызстанга келген чет элдик туристтердин саны жылдан-жылга көбөйүп жатат. Быйыл I кварталда эле өлкөгө 1,8 миллиондон ашык эс алуучу келди. Биз жылдан жылга бул секторду жакшыртууга, шарт түзүүгө, креативдүүлүккө басым жасашыбыз зарыл. Анткени туризм — киреше гана алып келбестен, маданиятыбызды, салтыбызды, өлкөбүздү таанытуунун каалгасы. Быйыл туризм тармагынан түшкөн кирешени ички дүң продукциянын 4,5-5 пайызына жеткирүү пландалып жатат. Жакынкы жылдары бул көрсөткүчтү 10 пайызга жеткирүүгө дараметибиз жетет. Мындан тышкары, туризм тармагындагы адистер окутуудан өтүп, тиешелүү багыттар боюнча сертификатка ээ болот. Мындай кадам тейлөөнүн сапатын жакшыртат", — деди Кенжематова.
Ошондой эле адис туризм секторуна инвестиция тартуу боюнча программаларды, долбоорлорду карап, "жашыл чечимдерди" колдонуу зарылдыгын кошумчалады.