Түндө Бишкекте ири өрт чыкты. Видео

Куткаруу кызматы тез арада кычкылтектин 22 баллонун, пропан толтурулган беш баллонду чыгарып кетип, жарылып кетүү коркунучу жоюлган.
Sputnik
БИШКЕК, 9-июн. — Sputnik. 9-июнга караган түнү Бишкек шаарынын Октябрь районуна караштуу Матросов көчөсү 1А ("СырБаза") дарегинде жайгашкан кампалардан өрт чыгып, аны өчүрүүгө түнкү саат 01:39дан тарта ӨКМден жалпы 10 бригада тартылган. Учурда тилсиз жоо чектөөгө алынып, толук өчүрүү иштери жүрүүдө.
ӨКМдин берген алдын ала маалыматы боюнча, өрт адам өмүрүнө коркунуч жараткан эмес.
1 / 5

9-июнга караган түнү Бишкек шаарынын Октябрь районуна караштуу Матросов көчөсү 1А ("СырБаза") дарегинде жайгашкан кампалардан өрт чыгып, аны өчүрүүгө түнкү саат 01:39дан тарта ӨКМден жалпы 10 бригада тартылган

2 / 5

ӨКМдин берген алдын ала маалыматы боюнча, өрт адам өмүрүнө коркунуч жараткан эмес

3 / 5

Жеринде ИИМдин үч экипажы, Тез жардам кызматынан бир бригада, РЭТтен бир бригада иштеп, "Тазалык" мекемесинен суу ташуучу автоунаа да болгон

4 / 5

Тилсиз жоо саат 04:39да чектөөгө алынып, учурда толук өчүрүү иши жүрүүдө

5 / 5

Ошондой эле Бишкек шаардык куткаруу кызматы тарабынан тез арада кычкылтектин 22 баллону, пропан толтурулган беш баллон чыгарылып кетип, ири жарылуу коркунучу жоюлганын билдирди.

Жеринде ИИМдин үч экипажы, Тез жардам кызматынан бир бригада, РЭТтен бир бригада иштеп, "Тазалык" мекемесинен суу ташуучу автоунаа да болгон.
"Тилсиз жоо саат 04:39да чектөөгө алынып, учурда толук өчүрүү иши жүрүүдө. Өрттүн болжолдуу аянты 3800 чарчы метрди түзөт. Өрт өчүрүүчүлөрдүн ыкчам аракетинен улам ламинат курулуш материалдары, эшик, терезелер, 270 чарчы метр аянттагы кампада сакталган тазалоочу каражаттар жана жакын жайгашкан кампалар сакталып калды", — деп айтылган маалыматта.
Ошондой эле Бишкек шаардык куткаруу кызматы тарабынан тез арада кычкылтектин 22 баллону, пропан толтурулган беш баллон чыгарылып кетип, ири жарылуу коркунучу жоюлганын билдирди.
Сузакта чайхана өрттөнүп, эки киши каза болду. Сүрөттөр