Быйыл үч айда Россияда 220 кыргызстандык баңгизат менен кармалганы айтылды

Кылмыштардын көбү Новосибирск, Самара облустарында жана Москва шаарында катталган.
Sputnik
БИШКЕК, 9-июн. — Sputnik. Үстүбүздөгү жылдын биринчи кварталында эле (январь-март) Кыргызстандын жарандары Россияда 220 баңги кылмышын жасаган. Бул тууралуу Ички иштер министрлиги билдирди.
Аталган сандар өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 77 фактыга көп экени белгиленди. Бул кылмыштардын көбү Новосибирск, Самара облустарында жана Москва шаарында катталган. Мындан тышкары, кыргызстандыктар тарабынан жасалган оор кылмыштар, алдамчылык фактылары көбөйүп жатканы айтылды.
Маалыматтык-түшүндүрүү жана үгүт иштерин жүргүзүү, жарандардын арасында баңги кылмыштарын алдын алуу максатында Россия ИИМинин Эл аралык кызматташуу башкармалыгында жумушчу жыйын өткөн. Ага Кыргызстан ИИМинин РФтеги өкүлчүлүгү, миграция боюнча өкүлчүлүк, элчиликтин консулдук бөлүмүнүн кызматкерлери, Жогорку Кеңештин төрагасына караштуу Миграция боюнча кеңештин коомдук өкүлү, "Кыргыз биримдиги", "Кыргыз диаспорасынын кеңеши" диаспоралык уюмдардын жетекчилери катышкан. Ал эми Россия тараптан ИИМдин бир катар бөлүктөрүнүн жана Кыргызстандагы өкүлчүлүгүнүн жетекчилиги болгон.
"Талкуунун жүрүшүндө баңги кылмыштуулуктун алдын алуу чөйрөсүндөгү бир катар көйгөйлүү маселелер айтылды. Анткени жоопко тартылган адамдардын негизги бөлүгүн жаштар, анын ичинде жаш кыз-келиндер түзөт. Интернет аркылуу жасалган баңги кылмыштары тынымсыз өсүп жаткандыгы белгиленди", — деп жазылат маалыматта.
Радио
Кулукеева: РФтеги эмгек мигранттарын жеңил акчага азгырылбоого чакырабыз