Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы

Россия аскерлери эки багытта Украинанын сооттолгон 50 техникасын жок кылды

Sputnik
БИШКЕК, 9-июн. — Sputnik. Россиянын "Восток" тобундагы аскерлери атайын операция жүрүп жаткан жерлердин эки багытында Украинанын Куралдуу күчтөрүнүн сооттолгон 50 техникасын талкалап, иштен чыгарды. Бул тууралуу РИА Новостиге топтун маалымат кызматынын башчысы Олег Чехов билдирген.
"Түштүк Донецк багытында "Восток" тобундагы аскерлери артиллерия жана авиациянын жардамы менен каршылаш тарапка сокку урган. Сегиз танк, сооттолгон 17 автоунаа жана бир нече улутчулдар жок кылынган. Абадагы соккудан коргонуу системалары пилотсуз учкан бир "Фурия" жана эки "Лелеканы" атып түшүргөн", — деген офицер.
Ал "Запорожье багытында 13 танк, жөө аскерлердин 10 автоунаасы, сооттолгон алты техника жана каршылаш тараптын аскерлери жок кылынганын" белгилеген.
Чехов Украина аскерлеринин Степногорскиде артиллериялык эки куралы, Каменск аймагында дагы миномёттук экипажы талкаланганын кошумчалады.
Маалымат борборунун жетекчиси Березовое аймагында Евгений Посерюгин аттуу ага сержант жааган октун алдында аскердик милдетин тайманбай аткарганын айтып берген. Жыйынтыгында Посерюгиндин жетекчилиги менен каршылаштын миномёттук бир экипажын, жеңилирээк сооттолгон, көп иштерге пайдаланчу эки техникасын, эки взводдун таянычын жана гранатомёттордун экипажын жок кылган.
Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы
"Ланцет-3" Украинадагы чет элдик зениттик-ракеталык комплексти талкалады