Дан эгүү жагынан Казакстан, жашылча-жемиш, багбанчылык боюнча Өзбекстан алдыда болгондой эле Кыргызстан дагы мөмө өстүрүү жагынан чоң мүмкүнчүлүктөргө ээ. Бул тууралуу Тилек Токтогазиев Sputnik Кыргызстан радиосуна маек куруп жатып билдирди.
Анын айтымында, мөмөлөр дүйнөдө эң кымбат продукциялардын бири болуп саналат.
"Кыргызстан азыркы учурда деле кошуна мамлекеттерге салыштырмалуу мөмө өндүрүүдө алдыда турат. Бирок бизде мүмкүнчүлүктөр мындан да чоң, андыктан бул тармакта лидер боло алабыз. Бул үчүн жасалчу иштер да арбын. Мисалы, ошол эле кулпунайдын түшүмү жогору сортторун отургузушубуз керек. Учурда биз бул багытта Италиядан алып келген көчөттөр менен иштеп жатабыз. Биздин ассоциациянын мүчөлөрүнө арзаныраак баада сатып, алар азыркы бизде өстүрүлүп жүргөн жарым жапайы болуп калган кадимки кулпунайдан гектарына сегиз тоннадай түшүм алса, бул көчөттөрдү отургузган соң гектарына 28 тоннадан 50 тоннага чейин түшүм жыйноо ыктымалдуулугу бар. Ошондой эле учурда чет элдик инвесторлор мөмөлөрдү сублимациялоо жолу менен (мөмөдөгү пайдалуу заттарды сактап калуу үчүн тоңдуруу жолу менен кургатуу — ред.) экспортко чыгаруучу завод курууга кызыкдар болушууда. Алар алгач көп эмес өлчөмдө бизде өндүрүлгөн мөмөлөрдү аталган технология менен кургатып, дүйнөлүк ири көргөзмөлөргө катышып, беделдүү компаниялардан сунуш түшсө, Кыргызстанга жарым жыл ичинде завод курууга белсенип турушат. Ошондой эле биздин климаттык өзгөчөлүгүбүз дагы мөмө өстүрүүгө ыңгайлуу. Мисалы, жылуу жерлерде кулпунай, андан салкыныраак аймактарга малина, суук чөлкөмдөрдө карагат, өтө суук жерлерде чычырканак өстүрсөк болот. Анан, албетте, бул тармакты өнүктүрүүдө бизде селекциялык илими бар адистер жетишсиз", — деди Токтогазиев.
Ал учурда Кыргызстандан мөмө сатып алуучу негизги өлкөлөр болуп Россия жана Казакстан эсептелерин кошумчалады.