БИШКЕК, 9-июн. — Sputnik. Нарын шаарынын борбордук базарында болгон өрткө каршы машыгууга шаардык кеңештин депутаттары байкоо салып, жыйынтыгында бир топ кемчиликтерге, жоопкерчиликсиздикке күбө болушту. Бул тууралуу аймактык кабарчы билдирди.
Машыгуу Нарын шаардык кеңешинин 2023-жылга карата иш-планына ылайык "Нарын шаарынын аймагындагы өзгөчө кырдаалдарды алдын алууга жана кесепеттерин жоюуга көмөктөшүү жөнүндө" маселени кезектеги сессияга алып чыгуунун алдында пландалып өткөрүлгөн.
Иш-чара Нарын шаардык өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнүн ыкчам аракетин, өрткө каршы даярдыгын, борбордук базардагы өрткө каршы коопсуздук талаптарынын кандай сакталышын таамай көрсөтүп берген.
Өрткө каршы автоунаа "өрт чыккан жерге" беш мүнөттө келсе да, Сагынбай Орозбак көчөсү тарабынан базардын ичине жарым саатта араң кирген. Буга ошол жердеги автоунаалардын тыгыны, соодагерлердин өрт коопсуздугу үчүн калтырылган атайын белгиленген жолго товарларын жайып алуусу, кошумча орнотулган темир текчелер жана башка тоскоолдуктар себеп болуп, өрт өчүрүүчү машинанын өтмөктөрдү аралап өтүүсүн кыйындаткан.
Ушундай эле көрүнүш өрт өчүрүү кызматынын экинчи машинасы Шуллер көчөсү тараптан кирүүсүндө кайталанган. Анда жолду тосуп токтогон автокөлүктөр, жыш жайгашкан ашыкча темир текчелер, бири-бирине жакын жайгашкан контейнерлер өрт өчүрүүчү техниканын кирүүсүн кечеңдеткен. Сатуучулар товарларын жыйнап, текчелерди алгыча убакыт 15 мүнөткө чейин созулуп кеткен.
Тез жардам кызматынын каретасы автоунаа тыгындарынан өтө албай белгиленген жерге жолду айланып жетсе, электр тармактар ишканасынан электр жарыгын ыкчам өчүрүү иштери 10 мүнөткө кечиккен.
"Милиция кызматкерлеринин атайын тобу тарабынан элди эвакуациялоо, шарттуу өрт чыккан жерди курчоо сыяктуу башаламандыкка жол бербөө иштери талаптагыдай колго алынган эмес. Ошол жердеги базар жетекчилиги өрткө каршы машыгууга маани берген жок", — дешти эл өкүлдөрү.
Машыгуунун жыйынтыгы өрт өчүрүүчү атайын автоунаа борбордук базардагы "өрт чыккан жерге" жете албай калганын көрсөттү. Өрт өчүрүүчүлөр базардын кире беришиндеги тоскоолдуктардан улам 25 мүнөт убактысын жоготкон.
Биргелешкен машыгуунун жүрүшүндө аныкталган кемчиликтер боюнча маселе кезектеги сессиянын отурумунда талкууланары айтылды. Анда башаламан жайгашкан, тиешелүү чектен чыгып кеткен соода күркөлөрүн иретке келтирүү, энергетикалык коопсуздук багыттарын тартипке салуу, өрт коопсуздугуна калтырылган жерден кошумча текчелерди тазалап, өтмөктөрдү кеңейтүү боюнча тапшырмалар берилерин белгилешти.
Максатына жетпей калган машыгуулардан кийин сатуучуларга өрт коопсуздугунун эрежелери боюнча түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү.