БИШКЕК, 9-июн. — Sputnik. Эл каттоо өнөктүгүнүн жыйынтыгында Нарын облусунун калкынын саны 308 348 адамга жетип, акыркы 12 жылда 14 миң 37 адамга көбөйдү. Теңир-Тоодо учурда аялдарга караганда эркектер көп.
Бул маалыматтарды Нарын облустук статистика башкармалыгынын башчысы Билимбек Жакиев аталган облустун статистика башкармалыгынын 97 жылдыгына жана Эл жана турак жай фондун каттоонун жыйынтыгына арналган салтанаттуу жыйында билдирген.
"Эл каттоо өнөктүгүнүн жыйынтыгында Нарын облусунун калкынын саны 308 348 адамга жетти. Акыркы он эки жылда 14 миң 37 адамга көбөйдү. Облустагы жалпы элдин 51 пайызын эркектер, 49 пайызын аялдар түзөт", — деген Жакиев.
Салтанатка президенттин Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Алтынбек Эргешов, Статистика боюнча улуттук комитеттин төрагасы Бактыбек Кудайбергенов жана Нарын облустук статистика башкармалыгын кызматкерлери, Эл жана турак жай фондун каттоо өнөктүгүнө салым кошкондор катышкан.
Министрлер кабинетинин, Статистика боюнча улуттук комитеттин, президенттин Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн, Нарын шаардык мэриясынын, Нарын облустук статистика башкармалыгынын ардак грамоталары, алкыш, ыраазычылык каттары жана баалуу сыйлыктары Эл жана турак жай фондун каттоо өнөктүгүндө жигердүү салым кошкон кызматкерлерге жана эмгек алдыңкыларына ыйгарылды.
Эске салсак, Нарын облусунда калктын жайгашуусунун жыштыгы эң төмөн болуп саналат. 1 чарчы чакырымга жети киши туура келет.
Ал эми жалпы санды алсак, каттоо жүргөн учурда калктын саны 6 миллион 936 миң 156ны түзгөн. Анын ичинен 2,4 миллиону шаарда жайгашкан, калганы айылда орун-очок алган.