Молдогазы Токобаев – өмүр баяны

Молдогазы Токобаев 1905-жылы Ысык-Көлдүн Тору-Айгыр айылында жарык дүйнөгө келген.
Sputnik
Белгилүү акын, драматург, кыргыздын жазма адабиятына негиз салган адабиятчы эки жашында энесинен, 1917-жылы атасынан ажырап, жетимчиликтин азабын тарткан.
1921-жылы Караколдогу жетим балдар үйүнө келип, кийин Түптөгү айыл чарба техникумуна которулат.
1924-жылы акындын "Көл боюнда" аттуу алгачкы ыры "Эркин-Тоо" гезитине жарыяланып, анда багар-көрөрү жок, жетим баланын түн ичинде зар какшап ыйлап баратканы сүрөттөлөт. Ырдын мазмуну кандайдыр бир деңгээлде автордун өзүнүн өмүр жолун элестетип турат.
Эмгек жолу
1931-1936-жылдар аралыгында Кочкор райондук комитетинде агитация-массалык бөлүмүнүн башчысы, Базар-Коргон районунда саясий бөлүмдүн жетекчисинин орун басары, Ленин райондук комитетинин экинчи катчысы болуп эмгектенген.
1936-1937-жылы – "Кызыл Кыргызстан" гезитинин бөлүм башчысы, редактору;
1937-1938-жылы – Кыргыз мамлекеттик филармониянын жетекчиси;
1938-1940-жылдары – Жалал-Абадда эмгекчилер депутаттарынын облустук аткаруу комитетинин төрагасы;
1940-1944-жылдары – Кыргызстан КП БКнын секретары, Кыргыз ССР Президиумунун төрагасы;
1944-1947-жылдары – Таласта партиянын облустук комитетинин биринчи секретары, кийин Кыргыз ССР министрлер советинин алдындагы радио уктуруу боюнча комитетинин төрагасы кызматын аркалаган;
1953-1957-жылдары "Советтик Кыргызстан" гезитинин сын жана библиография бөлүмүнүн башчысы болуп иштеген.
Чыгармалары
1931-жылы Молдогазы Токобаевдин биринчи "Ырлар жыйнагы" жарык көрөт.
1940-жылы патриотизм, эмгек темасына арналган "Эрдин күчүн эл сынайт", "Эмгек булагы" деген ырлар жыйнагына удаалаш эле 50-60-жылдар аралыгында "Гүлдөгөн турмуш", "Шайыр жаштар", "Шаңдуу күн", "Гүлжан", "Алга бас", "Тандалган ырлар", "Күжүрмөн эмгек", "Айна", "Шаңдуу кадам", "Таң алдында", "Жарык күз" аттуу жыйнактары басмадан чыгып, окурмандардын кеңири чөйрөсүнө тараган.
Молдогазы Токобаев жалаң гана акын эмес, кыргыз драматургиясынын көч башында турган драматург катары да белгилүү. Анын 1925-жылы жазылып, сахнага 1927-жылы коюлган "Какей" пьесасы кыргыз театр өнөрүнүн тарыхындагы туңгуч чыгармалардан.
1947-жылы орус тилинде "Мы друзья Ленинграда", 1958-жылы "Весна пришла" аттуу китеби чыккан.
Сыйлыгы
Адабиятка сиңирген эмгеги үчүн Ленин, эки жолу Ардак белгиси ордендери менен сыйланган. Ошондой эле Эмгектеги артыкчылыгы үчүн, 1941-1945-жылдардагы Улуу Ата Мекендик согушта каарман эмгеги үчүн медалдарынын, Кыргыз ССР Жогорку Советинин Ардак грамоталарынын ээси.
Жазуучу 1974-жылы 21-майда каза болгон.
Мукай Элебаев — өмүр баяны