Кыргызстандык студенттердин идеясын ЕАЭБдин өкмөт башчылары колдоду

Жаш ишкерлер өкмөт башчылар менен Сочиден жолуккан.
Sputnik
БИШКЕК, 9-июн. — Sputnik. ЕАЭБ мамлекеттеринин өкмөт башчылары кыргызстандык жаш бизнесмендердин долбоорлорун колдошту. Бул тууралуу Евразия экономикалык комиссиясынын өкүлү Ия Малкина билдирди.
Ал Евразия өкмөттөр аралык кеңешинин жыйынынын жыйынтыгы боюнча Sputnik агенттигинин маалымат борборунда өткөн видео көпүрөгө катышты.
Сочиде КМШ менен ЕАЭБдин бизнесмендеринин, мамлекеттик кызматчыларынын жана студенттеринин катышуусунда Жаштар форуму өттү. Ишкерлер 100дөн ашык сунуштарды беришти. Форумдун алкагында идеялардын авторлору биримдиктеги өлкөлөрдүн өкмөт башчылары менен жолугушту. Министрлер кабинетинин төрагалары эң мыкты долбоорлорду колдоого алышты. Ия Малкина Кыргызстандан барган өкүлдөрдүн сунушун белгилеген.
"Бул ЕЭКтин алкагында ЕАЭБ мамлекеттериндеги жогорку окуу жайлардын арасында сынак өткөрүү жөнүндөгү долбоор. Ага ылайык, конкурстун жеңүүчүсү ЕЭКке же КМШ катчылыгына ишке орношуусуна кепилдик берилиши керек", — деди Малкина.
ЕЭК коллегиясынын төрагасы Михаил Мясникович кызматтар менен экономикалык комиссияга долбоорлордун тизмесин түзүүнү жана аны ишке ашыруу механизмин иштеп чыгууну тапшырды.
ЕАЭБ өлкөлөрү бири-биринин илимий даражаларын таанымай болду