Москвада Кыргызстандын көргөзмөсү ачылды. Видео

Көргөзмө бир нече күнгө созулат.
Sputnik
БИШКЕК, 9-июн. — Sputnik. Москвадагы ВДНХда россиялык "Саякатта" аттуу туристтик ири форумдун алкагында Кыргызстандын көргөзмөсү ачылды. Бул тууралуу КРдеги туризмди өнүктүрүүнү колдоо фонду билдирди.
Кыргызстан быйыл форумга өнөктөш өлкө болуп жатат. Көргөзмө 8-11-июнь аралыгында өтөт.
"Кыргызстандагы туркомпаниялардын өкүлдөрүнө жаңы өнөктөштөрдү табууга шарт түзүлөт. Ал эми форумдун коноктору биздин туристтик мүмкүнчүлүктөрүбүз тууралуу бардык маалыматтарды ала алат. Керек болсо ошол жерден дароо эле саякатты баштоо үчүн каттоого тура алат", — деди фонддон.
Форумдун расмий ачылышында Россиянын экономиканы өнүктүрүү министри Дмитрий Вахруков менен КРдеги Туризмди өнүктүрүүнү колдоо фондунун президентинин кеңешчиси Максат Усубалиев сөз сүйлөдү.
1 / 3

Москвадагы ВДНХда россиялык "Саякатта" аттуу туристтик ири форумдун алкагында Кыргызстандын көргөзмөсү ачылды

2 / 3

Кыргызстан быйыл форумга өнөктөш өлкө болуп жатат

3 / 3

Көргөзмө 8-11-июнь аралыгында өтөт

Усубалиев өз алдынча саякаттаган россиялыктар үчүн Кыргызстан эң популярдуу үч өлкөнүн катарына киргенин белгиледи.
"Негизи россиялыктар Кыргызстанга пляжда эс алуу үчүн келишчү. Бирок азыр альпинизм, боз үйдө жашоо, ат минүү, байыркы чептерге баруу, Тянь-Шандын бийик чокуларын багындырууга кызыгышууда. Биз россиялык саякатчыларга туризмдин бардык түрүн сунуштай алабыз", — деди Усубалиев.
Форумга чоң программа түзүлгөн. Фонддун өкүлдөрү менен атайын чакырылган эксперттер кыргыз элинин тарыхы жана үрп-адаттары тууралуу айтып берет. Төрт күн бою конкурстар, көңүл ачуучу оюндар (улуттук оюндар, жаа атуу, көчмөндөрдүн салттуу тамагы, бийчилер менен музыканттар, fashion-show, буюмдарды жасоо боюнча мастер-класстар) уюштурулат.
Радио
Кыргызстанда туризм тармагындагы адистер окутуудан өтөт