Билип алыңыз! КРде депозиттин кайсы түрлөрү кепилдикке алынган

Учурда 23 коммерциялык банк, бир микрофинансылык компания жана бир турак жай-сактык кредиттик компаниясы депозиттерди коргоо системасына киргизилген.
Sputnik
БИШКЕК, 9-июн. — Sputnik. Депозиттерди коргоо агенттиги Кыргызстанда аманат акчанын кайсы түрлөрүнө кепилдик берилгенин тизмектеди.
Депозиттин кепилдиги деген эмне? Эгер финансылык мекемени мажбурлап жоюу жол-жобосу башталса, аманат акча салган кардарга милдеттүү түрдө 1 миллион сомго чейинки каражат кайтарып берилет. Учурда 23 коммерциялык банк, бир микрофинансылык компания жана бир турак жай-сактык кредиттик компаниясы депозиттерди коргоо системасына киргизилген. Башкача айтканда, булар жабылып кала турган болсо, кардарлары 1 миллион сомго чейинки акчасын кайра ала алышат.
Бирок бардык учурда эмес. Төмөндө жеке тараптар депозиттердин кайсы түрлөрүн 1 миллион сомго чейин кайтарып алса болору айтылат:
мөөнөттүү жана талап боюнча төлөнүүчү депозиттер, эсептеги акчалар;
эмгек акы эсептери, акча которууларды, пенсияларды, стипендияларды жана пособиелерди алуу үчүн эсептердеги каражаттар;
жеке ишкерлердин эсептешүү жана депозиттик эсептериндеги каражаттар.
Кайрадан рекорд! Кыргызстанда депозиттин көлөмү 377 млрд. сомдон ашты