Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы

Украина күчтөрү Запорожьенин Токмак шаарына сокку уруп жатат

Sputnik
БИШКЕК, 8-июн. — Sputnik. Украина күчтөрү Запорожье облусундагы Токмак шаарына катуу сокку уруп жатат. Бул тууралуу "Мы вместе с Россией" коомдук уюмунун башчысы Владимир Рогов Telegram-каналы аркылуу билдирди.
"Алдын ала маалымат боюнча, сокку HIMARS залптык оттун реактивдүү тутумунан жасалууда", — деди ал.
Рогов аскер адамдарына жана жергиликтүү тургундардын айтканына таянып, мындай катуу сокку атайын операция башталгандан бери болбогонун кабарлады.
Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы
Украиналык диверсанттар "Тольятти-Одесса" аммиак түтүгүн жардырды