Сузакта чайхана өрттөнүп, эки киши каза болду. Сүрөттөр

Ушу тапта кырсыктын келип чыгуу себептери такталууда.
Sputnik
БИШКЕК, 8-июн. — Sputnik. Жалал-Абаддын Сузак районуна караштуу Ленин айыл аймагынын Винсовхоз айылында чайхана өрттөнүп, кесепетинен эки киши көз жумганын Өзгөчө кырдаалдар министрлиги билдирди.
Тамактануучу жайдан өрт чыкканы тууралуу маалымат башкармалыктын нөөмөт бөлүмүнө саат 02.01де түшкөн. Кырсык болгон жерге жалпы үч өрт өчүрүүчү бөлүм тартылып, үч сааттан кийин жалын толугу менен өчүрүлгөн.
"Куткаруучулар 59 жана 87 жаштагы эки кишинин сөөгүн алып чыгып, милиция кызматкерлерине өткөрүп беришти", — деп айтылат кабарда.
Ушу тапта кырсыктын келип чыгуу себептери такталууда.
Бишкек — Ош жолундагы таңкы кырсык 6 адамдын өмүрүн алып кетти. Видео