Россиянын вице-премьери Кыргызстандан чыккан лифтке баа берди. Видео

ЕАЭБ мамлекеттеринин премьер-министрлерине Бишкектин чет жакасында чыгарылган лифт көрсөтүлдү.
Sputnik
БИШКЕК, 8-июн. — Sputnik. Россия өкмөтүнүн төрагасынын орун басары Марат Хуснуллин Кыргызстандан чыккан лифтке баа берди.
Сочиде өтүп жаткан "Евразия — биздин үй" көргөзмөсүндө ЕАЭБ мамлекеттеринин премьер-министрлерине Бишкектин чет жакасында чыгарылган лифт көрсөтүлдү.
Россия өкмөтүнүн төрагасы Михаил Мишустин өзүнүн орун басары Марат Хуснуллинге кабинанын сапатын баалап көрүүнү сунуштады.
"Бул жакта калып калбай чыгып кетсем болду", — деп тамашалады вице-премьер.
"Болду, эми Кыргызстандан көрүшөбүз", — деп жооп берди Акылбек Жапаров.
Хуснуллин кабинадан чыккандан кийин "абдан жакшы иштейт экен" деп баа берди.
ЕАӨБ Бишкек мэриясына шаарды өнүктүрүүгө жардам берет